Кызыл-Кыя шаарында (Баткен облусу) 30-октябрда үч баланын энеси өлтүрүлгөн. Бул кайгылуу окуядан кийин үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аялдар менен балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча көчмө жыйын өттү.
Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын 30-октябрда ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимовдун тапшырмасы менен өткөрүлдү. Аны анын орун басары Максатай Каримбердиева мамлекеттик, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүздү.
Жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жабыр тарткандарга өз убагында жардам көрсөтүү жана мындай кайгылуу окуяларга жол бербөө чаралары талкууланды.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына кайдыгер мамиле кылууга жол берилбейт. Профилдик мекемелердин өз ара аракетин күчөтүү зарыл.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу түзүмдөргө бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди: үй-бүлөлүк чыр-чатактарга өз убагында жооп кайтаруу, зомбулук белгилери аныкталганда ыкчам чара көрүү, тобокел тобундагы үй-бүлөлөр менен тынымсыз иш алып баруу, ошондой эле жабыр тарткандарга психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам көрсөтүү.
Эскерте кетсек, 30-октябрда Кызыл-Кыяда үч баланын энеси өлтүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалган. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
































