Балдардын социалдык тармактарга кирүүсүн чектөө дүйнөлүк масштабда күч алууда. Көптөгөн эле өлкөлөр балдардын онлайн коопсуздугун коргоо максатында мыйзамдар жана эрежелерди кабыл алышты.
Балдарды соцтармактардан чектөө: дүйнөлүк тажрыйба жана мыйзамдар боюнча сереп
Дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер балдардын популярдуу социалдык тармактарга кирүүсүнө чектөө киргизип жатышат. Австралия, Индонезия жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдө жаш чектөө жана жоопкерчилик тууралуу мыйзамдык демилгелер кабыл алынган.
