Bloomberg агенттиги кырдаалга тааныш булактарга таянып билдиргендей, Түркия Кара деңизде Орусия менен Украинанын чабуулдарынын көбөйүшүнө байланыштуу кээ бир соода кемелеринин кыймылын чектөөгө өттү.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Түркиянын Жээк коопсуздугунун башкы башкармалыгы Орусиянын Новороссийск шаарына багыт алган бир нече кемеге азыркы учурда мындай маршруттар боюнча транзитке уруксат бербей жатканын же Дарданелл аркылуу өтүүгө арыздарды кароого кошумча убакыт керектигин билдирген. Түрк бийлиги чектөөлөрдү киргизүүнүн расмий себептерин түшүндүргөн жок.

Bloomberg булактары ошондой эле кээ бир кемелер Украинага багытталган рейстерге да чектөөлөр жайылып жатканы тууралуу кабар алышканын маалымдашты. Ошол эле учурда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00гө карата Түркия менен Болгариянын портторуна бара жаткан кемелер Дарданелл аркылуу түндүккө карай кыймылын улантып жаткан.