Politico басылмасы билдиргендей, Германия өкмөтү газдын баасы жогору болгондуктан, аны сатып алууну көбөйтүүгө шашылбай жатат. Бул чечим Европа Биримдигинин бардык өлкөлөрү үчүн келе жаткан кыш мезгилинде оор кырдаалды жаратышы ыктымал.
Маалыматта айтылгандай, Германия буга чейин эле жер астындагы газ кампаларын толтуруу боюнча Европа Биримдигинин жалпы графигинен артта калып жатат. Мындай жагдай Европадагы энергетикалык коопсуздукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.












