Түрк инвестициялык фондунун алгачкы долбоорлорун Кыргызстандын аймагында баштоо пландалууда. Бул маселе Экономика жана коммерция министрлигинин министри Бакыт Сыдыков менен Фонддун жаңы президенти Кубанычбек Омуралиевдин ортосундагы жолугушууда талкууланды.

Министрлик боюнча берилген маалыматка ылайык, тараптар кызматташтыктын келечегин жана Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруп талкуулашты.

Бакыт Сыдыков Кубанычбек Омуралиевди Фонддун президенти болуп шайланганы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Министр Кыргызстан Фондунун негиздөөчү мамлекеттеринин бири катары алгачкы долбоорлордун тезирээк ишке ашышына кызыкдар экенин белгилеп, ведомство зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады.

  1. 2026-[]-12

    Кубанычбек Омуралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп кызматка киришти

  2. 2026-[]-25

    Министр Бакыт Сыдыков менен Кубанычбек Омуралиевдин ортосундагы жолугушуу болду