Чүй облусунун милиция кызматкерлери «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жүргөн учурда кан басымы көтөрүлүп, абалы начарлаган аялга жардам беришти. Бул окуя 25-ноябрда патрулдук-посттук кызмат полкунун кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурда болгон.
Чүй облусунун ИИМ башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, аял жаран милиция кызматкерлерине кайрылган. Анын артериалдык кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип калган.
Укук коргоочулар келип түшкөн кайрылууга ыкчам жооп берип, аялды керектүү дары-дармектерди алууга алып барышты жана ага колдоо көрсөтүштү.
Жардам алган аял жана анын жанындагы адамдар милиция кызматкерлерине өз убагында көрсөтүлгөн жардам жана кайрымдуулук үчүн ыраазычылык билдиришти.








