Талас районунун Шумкар-Уя айылынын көчөлөрүн көрктөндүрүү боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жалпыга жарыя болду. Бул иш-чаранын негизги максаты айылдагы көчөлөрдү таза жана кооз кармоо менен бирге, элдин биримдигин бекемдөө болуп саналат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду Кара-Ой айылындагы Атагулова Ибраим көчөсүнүн тургундары алды, аларга 100 000 сом акчалай сыйлык берилди.

2-орунду, суммасы 60 000 сом, Кара-Ой айылындагы Алымбек уулу Турусбек көчөсүнүн эки коомчулугу тең бөлүштү: ар бири 30 000 сом алды.

3-орунду Сасык-Булак айылында жайгашкан Сагынбек көчөсүнүн тургундары ээледи, алар 20 000 сом сыйлыкка ээ болушту.

4-орунду Талды-Булак айылындагы Турду аке көчөсүнүн тургундары алышты, алар да 20 000 сом менен сыйланышты.

Мындан тышкары, башка 11 катышуучуга 1 000 сомдон акчалай поощрения жана ыраазычылык каттары берилди.

Бул сынак айылда жашаган тургундарды көчөлөрдү көрктөндүрүүгө тартып, тазалыкты сактоо жана биргелешип көмөктөшүү аркылуу биримдикти күчөтүүнү көздөйт.

Иш-чараны уюштуруу үчүн жергиликтүү кенештин депутаттары колдоо көрсөтүп, жалпы 200 000 сомдук сыйлык фонду бөлүнгөн.