Мындан ары мыйзамда каралган айрым талаш-тартыштар боюнча жарандар сотко кайрылуудан мурда медиатор менен маалыматтык жолугушуудан өтүүгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы тартипке ылайык, медиатор талашкер тараптарга маселени сотко кайрылбай эле тынч жол менен чечүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүп берет.

Эгерде тараптар өз ара макулдашууга жетишсе, талаш соттук кароосуз чечилет. Эгерде келишимге келүү мүмкүн болбосо, жарандар медиатордан тиешелүү маалымкат алып, мыйзам тартибинде сотко кайрыла алышат.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы

Жаңы тартиптин негизги максаты — талаш-тартыштарды сотко кайрылууга чейин жөнгө салуу, соттордогу жүктү азайтуу жана жарандарга чыр-чатактарды чечүүнүн натыйжалуу жолун берүү болуп саналат.

  • 2027-жыл, 1-январь — Медиациялык жолугушуулардын милдеттүү тартиби күчүнө кирет