MEGA байланышка чыккан шылдырчылардан сак болууга үндөдү. Алар абоненттерге чалууларды, SMS жана мессенджерлер аркылуу келген билдирүүлөрдү колдонуп, жеке маалыматтарына жана каржылык каражаттарына ээ болуу аракетинде болушат.
Шылдырчылар өздөрүн MEGAнын, банктардын, мамлекеттик же укук тартип органдарынын кызматкери катары көрсөтүшү мүмкүн. Алар SMS коддорун, сырсөздөрдү, эсеп-карта маалыматтарын берүүнү же зыяндуу программаларды орнотууну суранат.
MEGA кызматкерлери эч качан сурабай тургандар
- SMS аркылуу келген ырастоо коддору
- Жеке кабинеттин сырсөздөрү
- Картанын PIN жана CVV коддору
- Мобилдик тиркемелерге кирүү маалыматтары
Эгер шектүү чалуу же билдирүү келсе, өзгөчө сак болуңуз: жеке маалыматтарды жана ырастоо коддорун бербеңиз; белгисиз шилтемелерге өтпөңүз; белгисиз адамдардын сунушу боюнча программаларды орнотпоңуз.
Чалууну бүтүрүп, керек болсо MEGAнын расмий колдоо кызматына *500 номерине же компаниянын расмий каналдары аркылуу кайрылыңыз.










