Түндүк тиркемесинде маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо максатында жаңы функция ишке киргизилди. Колдонуучулар эми өз паспорттук маалыматтарын кимдер сураганын көзөмөлдөй алышат.
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин бизнес-аналитиги Нуртеңир Буржуевдин билдирүүсүнө караганда, тиркемеде «Тарыхтар» деген жаңы бөлүм ачылды.
Бул бөлүм аркылуу жарандар өз маалыматтарын кайсы банк же мамлекеттик мекеме сураганын тактап, текшере алышат.





