Президент Садыр Жапаров демократияны укук аркылуу коргоо боюнча Европа комиссиясы, таанымал аталышы менен Венеция комиссиясы, Кыргызстандын жаңы өкүлдөрүн дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын кол койгон жарлыгында айтылат.
Мамлекеттик документке ылайык, Венеция комиссиясында Кыргызстандын өкүлү болуп юстиция министри Алмаз Айылчиев дайындалды. Ал эми өлкөнүн өкүлүнүн орун басары болуп Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы белгиленди.
Кадр чечими
Ошону менен бирге, мурда Кыргызстандын комиссиядагы өкүлчүлүгүн жөнгө салган 2021-жылдын 8-декабрындагы № 551 жарлыктын күчүн жоготкондугу жарыяланды. Жаңы жарлык расмий жарыяланган күнү өз күчүнө кирет.
Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигине жаңы жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрүү тапшырылды.











