Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин кол койгон токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илимий-изилдөө институту Саламаттыкты сактоо министрлигинин ведомстволук башчылыгынан Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилет.
Документте белгиленгендей, бул чара мамлекеттик мекемелерди башкаруу системасын өркүндөтүү, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу колдонуу, ошондой эле санатордук-курорттук жана реабилитациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн зарыл деп көрсөтүлгөн.
Институт жаңы башкармалыкка учурдагы штаттык саны, эмгек акы төлөө шарттары, материалдык-техникалык база жана бардык мүлк комплекси менен бирге өткөрүлүп берилет.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте институтту Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү милдетин аткарат. Ал эми Президенттин иш башкармалыгы институтту мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жана зарыл болгон уюштуруу иштерин жүргүзүүгө жооптуу болот.
Токтомдордун күчүн жоготуусу
Бул чечим менен бирге бир катар башка токтомдор да өз күчүн жоготот:
- 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтом (институттун Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасындагы жобосун бекиткен документ)
- 2026-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомдун 8-пункту (саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым чечимдерди өзгөртүүгө тиешелүү пункт)









