Юридикалык жардам кызматы тарабынан активдештирилген Jargam.kg интеллектуалдык жардамчы коомчулукка мыйзамдар, кодекстер жана башка нормативдик актылар боюнча маалыматтарды издөөгө мүмкүндүк берет.

Бул платформа учурдагы мыйзамдар жана Юстиция министрлигинин акыркы редакцияларындагы документтердин негизинде жообун түзөт. Колдонуучуларга татаал мыйзамдарды түшүнүүгө жана зарыл учурларда юридикалык жардамга жол көрсөтүүгө багытталган.

Jargam.kg үй-бүлөлүк, эмгек, мурас, менчик, турак-жай укуктары, соцүнөмдөр, ишкерлик, ошондой эле административдик жана кылмыш жоопкерчилиги сыяктуу багыттар боюнча суроолорго жооп берет.

Сервис колдонуучуларга керектүү документтерди, алардын кайсыл учурда керектелерин, мамлекеттик органдарга кайрылуунун тартибин, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарын түшүнүүдө жардам көрсөтөт.

Jardam.kg сайты аркылуу жеткиликтүү болгон бул жардамчынын ишин Юридикалык жардам кызматы өз көзөмөлүндө кармап, колдонуучулардын пикирлери менен кызматты өркүндөтүүнү пландаштырууда.

Ыкчам реакция алуу жана жообунун тактыгын жогорулатуу максатында долбоор тесттик режимде иштеп жатат. Колдонуучулардан суроо берүү, жоопторду баалоо жана катачылыктарды билдирүү үчүн активдүү катышуусу суратылат.

Поскольку проект работает в тестовом режиме, пользователей просим активно участвовать в его проверке: задавать вопросы, оценивать качество и понятность ответов, а также сообщать о возможных ошибках и предлагать идеи для улучшения.
Юридикалык жардам кызматынын билдирүүсү