Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү президенттик шайлоонун алдында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
3-ноябрдан 5-ноябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана комиссия мүчөсү Тимур Оторбаев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна, ошондой эле Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондоруна барышты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоо участкаларын даярдоо, жарандардын укуктарын сактоо, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана жаңы технологияларды киргизүү, анын ичинде аралыктан добуш берүү жана автоматташтырылган маалыматтык системалар талкууланды.
Русланбек Жакышов талапкерлерди көрсөтүү жана колдоо тартибин, ошондой эле шайлоону уюштурууда мамлекеттик органдардын милдеттерин түшүндүрдү.
Жергиликтүү бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсүнө жол бербөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү ачыктык жана мыйзамдуулук принциптерин сактоо менен шайлоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө чакырылды.
Укук коргоо органдарына укук бузууларга, шайлоо процессинин катышуучуларына басым көрсөтүүгө жана мыйзамсыз кийлигишүүгө жол бербөө зарылдыгы эскертилди.
Жолугушууларга акимдер, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик мекемелердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.
















