Чүй облусунун Кемин районунда, Боом ашуусунда Бишкек—Нарын—Торугарт автожолунда жол кырсыгы болду.

2024-жылдын 11-июль күнү эки унаа кагышып, алардын бири кагылышуудан улам төңкөрүлүп, жолдун ортосунда калган.

Чүй ОИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык болгон жерде иштеп жаткан инспекторлор окуянын шарттарын, ошондой эле жабыркагандар бар-жогун тактап жатышат.