Нарын облусунда жылдын башынан бери болгон жол кырсыктарынын жарымына жаныбарлардын жолго чыгып кетиши себеп болуп жатат. Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, катталган авариялардын 156 учуру үй малдарынын катышуусу менен болгон.
Кырсыктардын алдын алуу жана адам өмүрүн сактап калуу максатында жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери мал ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын рейддерди уюштурууда. Рейддердин алкагында 4 миң 702 баш ириңи мүйүздүү малга чагылыштыргыч тасмалар илген.
Бул чара айлананын көрүнүшү чектелген учурларда жана түн ичинде айдоочуларга жаныбарларды алдын ала көрүүгө жардам берет. Ошондой эле, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга талааларда жана жол боюнда калдың жаныбарлар үчүн убактылуу мал сарайларын куруу, жол жээктерине күн энергиясы менен иштеген чырактарды орнотуу боюнча сунуштар берилди.








