Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Сууга сүзүү кызматынын водолаздору Токтогул суу сактагычынын акваториясында суу астындагы тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Иштин жыйынтыгында 21 балык уулоочу тор суудан чыгарылды. Торлордун жалпы узундугу болжол менен 2100 метрди түздү.
Тазалоо иштери бүгүн, 12-октябрда жүргүзүлдү.
Суу сактагычтан алынган торлор








