Токмок шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы Turmush кабарчысына билдиргендей, шаар аймагында дренаждык системаларды башка жакка буруп, суу агымын бууп койгон жарандар аныкталды.
Текшерүү Токмок шаарынын мэринин 2026-жылдын 6-октябрындагы №300 тескемесинин негизинде уюштурулган. Ага ылайык, шаар аймагындагы ачык жана жабык коллектордук-дренаждык системалар текшерилип, инвентаризацияланган.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы №128 Водный кодексине ылайык, дренаждык системаларды башка жакка бурууга жана суу агымын бууп коюуга тыюу салынат.
Документтен
Дренаждык системаларды башка жакка бурууга жана суу агымын бууп коюуга тыюу салынат.
Учурда муниципалитет талаптарды бузган үй ээлерине эскертүүлөрдү тапшырып жатат. Эгерде эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө мыйзам бузуулар четтетилбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №213 токтомуна ылайык чаралар көрүлөт.















