Талас шаарындагы рейд учурунда дрон аркылуу айрым тургундар ичүүчү сууну жеке бак-дарактарын жана жашылча-жемиштерин сугарууга пайдаланганы аныкталды.

Муниципалдык ишкана "Таза суу" кызматкерлери мыйзам бузууларды аныктап, жарандарга карата тиешелүү административдик чараларды кабыл алышты.

"Таза суу" ишканасынын билдирүүсүндө, ичүүчү сууну бак-дарак жана огороддорду сугарууга пайдалануу тыюу салынгандыгы, жана сууга эсептегич орнотулган абоненттер гана түнкү саат 22:00дөн кийин сугарууга уруксат берилерине басым жасалды.

Мыйзамдын талаптарын бузгандар учун административдик айып пул каралган.

Талас шаардык коммуналдык кызматтары тургундарды ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырып, шаардагы суу менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылууну максат кылып жатышат.