Талас шаарында муниципалдык ишкана «Таза суу» тарабынан дрон колдонулуп, суунун мыйзамсыз пайдаланылышын аныктоо максатында рейд өткөрүлдү.

Рейд учурунда бир катар тургундардын сууну ичүү максатынан башкача—оюгучтарды жана бактарды сугаруу үчүн колдонгону катталган.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, таза сууну сугаруу үчүн пайдалануу тыюу салынган, жана бул мыйзам бузулгандарга карата административдик протоколдор түзүлүп, чара көрүлүүдө.

Ранее по теме16-июль: Кыргызстанда жогорку температура күтүлүүдө

Өлчөгүч (водомер) орноткон колдонуучуларга огороддорду 22:00дөн кийин сугарууга уруксат берилет.

Муниципалдык ишкана эгерде бул талаптар сакталбаса, көп кабаттуу үйлөрдүн, өзгөчө 4-5 кабаттардагылардын суусуз калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

“Бул өтө олуттуу көйгөй” — муниципалдык ишкананын өкүлү.
Turmush