Өлкөнүн туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын стенди «Туризм на Шелковом пути» аттуу эл аралык жарманкеде эң мыкты павильон деп таанылды.
Стендди жасалгалоодо улуттук стиль колдонулган. Бул формат көчмөн элдин өзгөчө каада-салттарын, жаратылыштын кооздугун жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытууга мүмкүндүк берген.
Бул жеңишке жетүү үчүн мамлекеттик түзүмдөр менен жеке ишкерлердин тыгыз кызматташуусу зарыл болгон.












