Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) терроризмге, экстремизмге жана маалыматтык мейкиндиктеги коркунучтарга каршы туруу үчүн универсалдуу борбору түзүлөт. Бул жаңы түзүм Ташкентте иштеп жаткан ШОСтин аймактык антитеррордук түзүмүнүн базасында түзүлөт.
Жаңы түзүм ШОСга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоочу туруктуу орган катары кызмат кылат. Анын ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө терроризм жана экстремизмден тышкары, сепаратизмге жана уюшулган кылмыштуулукка, анын ичинде маалыматтык мейкиндиктеги коркунучтарга каршы күрөшүү кирет.
Ошондой эле, Бишкек шаарында транснационалдык уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбордун бөлүмү иштеп турат.
Тиешелүү документ борбордун жетекчилигинин ыйгарым укуктарын, каржылоо тартибин, кызматкерлердин укуктук статусун жана башка уюштуруу маселелерин аныктайт. Азыркы учурда келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам Сенаттын тиешелүү комитетинен алдын ала каралды.
Буга чейин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев Самарканддагы коопсуздук маселелери боюнча эл аралык жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, ШОС өлкөлөрүнүн атайын кызматтары терроризмге, киберчабуулдарга жана интернет аркылуу жаштарды тартууга каршы күрөшүүдө кызматташууну күчөтүү боюнча демилге көтөргөн.








