Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Жол кыймылы коопсуздугу кызматынын кызматкерлери Юнусабад районунда Malibu-2 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анын рулунда 17 жаштагы өспүрүм отурган.

Текшерүү учурунда унаада сирена, күзгү жаркылдак маяктар жана атайын антенна орнотулганы, ал эми алдыңкы айнек мыйзамсыз караңгылатылганы аныкталган. Ошондой эле багажниктен башка бирөөгө таандык мамлекеттик номер белгиси табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө укук коргоо органдары өспүрүм буга чейин ушундай эле жабдуулар жана жасалма номерлер менен Kia унаасын башкарганын аныкташкан. Жасалма мамлекеттик номер белгилерин ал Кыргызстандын жаранынан сатып алганы, ал эми ал аларды чет өлкөдөн жасатып, Өзбекстанда сатканы белгилүү болгон.

Кыргыз жараны жасалма номерлерди чет өлкөдөн жасатып, Өзбекстанда саткан.
Ташкент шаардык ИИББ маалыматынан

Кыргыз жараны Андижан облусунда буюмзат далилдери менен кармалган. Юнусабад райондук кылмыш иштери боюнча соту өспүрүмдү «Автотранспорт каражаттарынын жана алардын тиркемелеринин мамлекеттик номер белгилерин же идентификациялык номерлерин мыйзамсыз жасоо, берүү же колдонуу, ошондой эле аларды жасалмалоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 6,6 миллион сум өлчөмүндө айып пул салган.

Кыргыз жараны да жасалма номерлерди жасагандыгы жана жашы жете элек адамды мыйзамга каршы аракеттерге тарткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Сот ага айып пул менен бирге Өзбекстандан чыгарып жиберүү жазасын дайындаган.