ОблусЭскерүүлөр: 9
Андижан облусу — Өзбекстандын облусу.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Андижан шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылышы жөнүндө жарлыкка кол койду. Жаңы дипломатиялык өкүлчүлүк жарандардын укуктарын коргоого жана эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Ташкентте 17 жаштагы өспүрүм жана Кыргызстандын жараны жасалма мамлекеттик автоунаа номерлерин жасап, колдонгону үчүн соттолду. Өспүрүмгө айып пул салынса, кыргыз жаранына айып пул менен бирге Өзбекстандан чыгарып жиберүү жазасы дайындалды.

Анжиян облусундагы «Достлук» чек ара бекетинде Өзбекстандан Кыргызстанга 64 миң АКШ долларын мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду. Акча байпактын ичине катылган абалда табылып, тартылып алынды.

Ош шаарында кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн эки Өзбекстан жаранын кармашты. Алардын бири адамга күч колдонуу фактысы боюнча, экинчиси киши өлтүрүү айыкпасы менен издөөдө болгон. Учурда кармалгандарды Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.