Ташкент мамлекеттик активдерди 8 миллиард доллардан ашык суммага сатууну пландап жатат. Бул өлкөнүн өткөн жылкы ички дүң продукциясынын 5,5 пайызына барабар.

Приватизациянын масштабы

8миллиард доллардан ашык сумма
84крупный компания
1242объект недвижимости
8000гектар жер

Мамлекет 84 ири компаниядан жана чарбалык структурадан чыгууну көздөйт. Ташкенттин билдирүүсүнө ылайык, 1242 кыймылсыз мүлк объектиси жана болжол менен 8 миң гектар жер ишкердик жана шаар куруу долбоорлору үчүн сатыкка коюлат.

Банктар жана камсыздандыруу

Приватизация тизмесине банк структуралары да кирди. Эң ири финансылык актив — «Туронбанк»: анын акцияларынын 98,9 пайызын ачык аукционго чыгаруу пландалууда. Ошондой эле «Өзпромстройбанк» (SQB) жана «Асакабанк» да менчиктештирилет. Бийлик 2030-жылга чейин мамлекеттик банктардын санын 9дан 4кө чейин кыскартып, банк активдериндеги мамлекеттин үлүшүн төмөндөтүүнү пландап жатат.

Мындан тышкары, жакынкы арада Өзбекстанда Xalq sugurta камсыздандыруу компаниясын толугу менен менчиктештирүү пландалууда — мамлекет анын капиталынын 100 пайызына ээ.

Эксперттердин эскертүүсү

Азаттык Азиянын жазуусу боюнча, көз карандысыз эксперттер жакынкы өткөндөгү сабактарды эске салып, мындай ири масштабдагы сатууларда коррупция жана тааныш-билиштик тобокелдиктери бар экенин белгилешет.

Бийликтин айтымында, башкы максат — мүлктү жөн гана сатуу эмес, модернизациялоо жана узак мөөнөттүү өнүгүү үчүн инвестиция тартуу.
Knews.kg