Бишкекте масштабдуу веложарыш өтөт. Катышуучуларды каттоо 8-ноябрда саат 8:30да Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат.

Веложарыштын өзү саат 10:00дө башталып, «Газпром — детям» дене тарбия-ден соолук комплексинин жанында аяктайт.

Уюштуруучулар бардык каалоочуларды веложарышка катышууга чакырат. Иш-чара дени сак жашоо образын жайылтууга жана шаарды велосипед менен айланып чыгууга багытталган.