Талас шаарында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты жолдордун кооптуу участокторундагы маселелерди чечүү болуп саналат.
Кеңешмеге жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ГУОБДД) кызматкерлери катышты. Атап айтканда, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Закирова, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Кочорбаев жана ГУОБДД штабынын башчысы Бохрам Сайтходжаев катышты.
Талкуу учурунда жол коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү маселелер жана көйгөйлөр каралды. Ошондой эле катышуучуларга жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чаранын аягында катышуучулардын билимин текшерүү максатында викторина уюштурулду. ГУОБДД тарабынан викторинанын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды.



















