2026-жылдын 26-ноябрында Ички иштер министрлигинин башчысы, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен расмий жолугушуу өткөрдү.
Талкуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусун кеңейтүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы биргелешкен күрөшүү маселелерине негизги көңүл бурулду.
Улан Ниязбеков эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы байланышты өнүктүрүү зарыл экенин баса белгиледи. Ал маалыматтарды ыкчам алмашууну жана тиешелүү бөлүмдөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү сунуштады.
Мындан тышкары, тараптар миграциялык жана административдик жол-жоболорду жакшыртуу, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын өз ара каттамдары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча биргелешкен ишти улантууга жана кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.












