Turmush басылмасы үй-бүлөлүк баалуулуктардын маанилүүлүгүн белгилеп, турмуштагы жаңы келиндердин жана тажрыйбалуу жеңелердин жашоосун чагылдырган «Жеңеке» долбоорун улантууда. Бул жолугушуунун каарманы Талас районунун Көк-Токой айылынын тургуну Кенжегүл кызы Алмагүл болду.
Алмагүл өзүнүн балалык чагын жана мектептеги активдүүлүгүн эске алып, анда чоң кыялдар менен жашаганын айтты. Ал 8-класста окуп жүргөндө, 10-жана 11-класстардын окуучуларынан алдыга чыгып, Талас районундагы №29 мектептин президенти болгон. Ал өзүнүн мектептеги ролун долбоорлорду иштеп чыгуучу жана иштерди уюштуруучу жетекчи катары сүрөттөдү.
Мектептеги ийгиликтери ушул менен чектелбестен, республикалык деңгээлдеги олимпиадалардын призери болуп, кызыл аттестат менен бүткөн. Андан соң ал Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине кирди, кийинкиде тарых факультетинин магистратурасын ийгиликтүү аяктап, отличи менен диплом алды.
Алмагүл өзүнүн атын арбаган чоң атасы бергенин жана өзүнүн туулган жери Көк-Токой айылы белгилүү «Таласым» ырынын автору Шекербек Шеркуловдун мекени экенин кошумчалады.










