Президент Садыр Жапаров менен Сокулук районунун тургундарынын жолугушуусунда Марленбек Изабеков өзүнүн адилетсиздикке кабылганын айтты. Ал ГКНБнын эки кызматкери 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылганын билдирди.

Изабековдун маалыматы боюнча, 2021-жылы ал Талас облусунун Кара-Ой айылындагы 3,5 чакырым ички жолдорду оңдоо боюнча 25 миллион сомдук тендерди утуп алган. Ал алгачкы 5 миллион сомдук транш мыйзам чегинде аткарылган иштердин актыларынын негизинде депутаттарга, айыл өкмөтүнө жана техникалык көзөмөлчүлөргө бөлүнгөн.

Тендер жана пара боюнча көрсөткүчтөр

25млн сом тендердин суммасы
3,5км жолдун узундугу
5млн сом биринчи транш
1млн сом паранын суммасы

Арыз ээсинин айтымында, кийинки траншту күтүп жаткан учурда ГКНБнын кызматкери Эльдар Жакыпбеков (Эду) жана тергөө бөлүмүнүн башчысы Бектен Боронбаев аны чакырып, кылмыштуу кужаттарды токтотуу үчүн 1 миллион сом сурашкан. Пара берүүдөн баш тарткан соң, жаран эртеси эле камакка алынган.

Өз адамдары менен экспертизанын негизи жок мыйзамсыз акты түзүп, мага 3,5 миллион сом карыз илип коюшту. Тергөө учурунда мен техникага, ГСМге кеткен бардык чыгымдарды жана квитанцияларды көрсөткөм, бирок аларга эч ким көңүл бурган жок.
Марленбек Изабеков

Изабеков мамлекеттик экспертиза анын пайдасына корутунду бергенине карабастан, үч жылдан бери пробацияда турганын кошумчалады. Бул маселе боюнча Президент Садыр Жапаров прокуратура өкүлдөрүн кырдаалды деталдуу түрдө изилдеп чыгууну тапшырды.