Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов Кыргызстандын президенти болуп сайлануу үчүн каттоодон өтүүгө зарыл болгон шайлоочулардын кол коюуларын чогултту. Электрондук системадан алынган маалыматка ылайык, 27-ноябрга карата аны 30 440 жаран колдогон.

Калмаматов өз кандидатурасын президенттик кызматка өз алдынча талапкер катары чыгаруу жөнүндө арызын 11-ноярда Борбордук шайлоо комиссиясына берген эди.

Анын алдында керектүү чектен Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Исхак Масалиев, Сыймык Жапыкеев жана Клара Сооронкулова өткөн. Учурда алдыдагы президенттик шайлоого катышууну 11 талапкер билдирген.

Ранее по темеПрезиденттик талапкерлерди каттоо үчүн «Түндүк» тиркемеси колдонулат

Керектүү чектен өткөн адамдар:

Керектүү кол коюуларды чогулткан талапкерлер · 6

  1. Садыр Жапаровталапкер
  2. Аймен Касеновталапкер
  3. Исхак Масалиевталапкер
  4. Сыймык Жапыкеевталапкер
  5. Клара Сооронкуловаталапкер
  6. Бактыбек Калмаматовталапкер

Шайлоого даярдыктын этаптары

  1. 11-ноябрь

    Бактыбек Калмаматов өз кандидатурасын билдирди

  2. 8-декабрь

    Кол коюуларды чогултуу мөөнөтү бүтөт

  3. 13-декабрь

    Каттоо үчүн керектүү документтерди кабыл алуу аяктайт

  4. 23-декабрь

    Кандидаттарды каттоо жыйынтыкталат

  5. 27-январь, 2027-жыл

    Кыргызстандын президентинин шайлоосу өтөт