Сузак районунун Багыш айыл аймагында жаңы «Арна» кинотеатри ишке киргизилди. Бул имарат аймактын тарыхында биринчи жолу курулуп бүткөн кинотеатр болуп саналат. Анын курулуш иштери өткөн жылдын жазында башталган.

Кинотеатрдын ичинде көрүүчүлөр үчүн үч кинозал, тамак-аш аянты жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жаңы имараттын жалпы сыйымдуулугу 196 адамды түзөт.

33 314 000 сом курулуштун жалпы баасы

Кинотеатрды курууга жалпысынан ушундай сумма жумшалган.

Имаратды расмий ачуу аземине Жалал-Абад облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Сузак районунун акими Дамирбек Кулубаев, Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Элдос Таев, облустук мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылуу аземинин алкагында айыл тургундарына жана келген конокторго Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган «Ч. Айтматов» фильми акысыз көрсөтүлдү.