Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Шекер айылында маданий-мемориалдык «Чыңгыз Ааламы» комплекси курулуп жатат. Бул комплексти түзүү иштери мамлекеттик «Кыргызкурулуш» ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылууда жана республикалык бюджеттен каржыланат.
Талантбек Иманакун уулу жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жуматаев комплекстин курулушунун жүрүшү менен таанышышты. Алардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объект 70%га чейин даярдалган.
«Чыңгыз Ааламы» долбооруна чынгыз Айтатмовдун музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка кызмат көрсөтүүчү мекемелер кирет. Бул комплекс өлкөнүн маданий мурастарын сактоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.









