Чүй облусунда жаңы мамлекеттик кепилдиктер программасы пилоттук негизде иштей баштады. Анын максаты медициналык жардамды жарандарга жеткиликтүү жана сапаттуу түрдө көрсөтүү болуп саналат.
Программанын пилоту Токмок шаарынын жана Чүй районунун жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ишке ашат. Бул тууралуу Мандаттуу медициналык камсыздандыруу фонду кабарлады.
Негизги себептери
2001-жылдан бери иштеп жаткан мурдагы программа эскирип, медициналык кызматтардын көлөмү көбөйгөнүнө карабай каржылоо өзгөрбөй калган. Натыйжада бардык кепилдиктер толук камсыздала албай жаткан.
Программадан күтүлүүчү өзгөрүүлөр
Жаңы модель эң керектүү жана жашоо үчүн маанилүү медициналык кызматтарды аныктап, алардын реалдуу наркын эсептейт. Мындан тышкары, мамлекеттик кепилдиктер системасын түшүнүктүү, адилеттүү жана каржылык туруктуу кылуу көздөлөт.
Программанын түзүүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары колдонулуп, медициналык кызматтардын эффективдүүлүгү, коопсуздугу жана саламаттыкка таасири эске алынган.
Программанын негизги элементтери
- Негизги пакет — бардык жарандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүү
- Кошумча пакет — камсыздандырылган жарандарга жеңилдиктер менен, айрым социалдык катмарларга акысыз медкызматтар
- Ооруларды алдын алуу жана негизги медициналык жардамды өнүктүрүүгө басым жасоо



