Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги билим берүү багытындагы мамлекеттик кызматтарды санариптик форматка өткөрүүнү улантууда.

Азыркы учурда «Тундук» мобилдик тиркеме аркылуу жарандар бир нече билим берүү кызматтарын онлайнда ала алышат.

  • Баланын бала бакчага каттоосу
  • Баланың мектепке каттоосу
  • Мектепти бүткөндүгү тууралуу электрондук күбөлүк жана аттестат алуу
  • Мугалимдерге жумуш ордундагы маалымкат алуу

Бул санариптер жарандарга керектүү документтерди тез жана ыңгайлуу алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат жана мамлекеттик кызматтарга онлайн форматта кайрылууга мүмкүндүк берет.