Бишкек, 06.11.2026. Сокулук районунун Ак-Жол айылында №1 Мамлекеттик сыноо лабораториясынын ачылышы болду. Иш-чарага Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев катышты.

Президенттин иш башкармалыгы билдиргендей, лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Анда жеңил жана жүк ташуучу унаалар, ошондой эле адистештирилген техникалар текшерилет. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча унаа каражатынын конструкциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк (СБКТС) жана электрондук паспорт (ЭПТС) берилет.

Жаңы лаборатория текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жарандардын күтүү убактысын бир топ кыскартууга мүмкүндүк берет.
Президенттин иш башкармалыгынын билдирүүсүнөн

Президенттин жарлыгына ылайык, өлкө боюнча беш мамлекеттик сыноо лабораториясы ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө алардын баары жарандарды кабыл алууда.