Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынынын чечими боюнча, Ысык-Көл облустук бирикмелештирилген ооруканасынын жетекчиси Камила Асанакунова өз кызматын токтотту. Учурда мекеменин башкаруу милдеттерин анын орун басары Тамара Темирбаева аткарып жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор ырастады.
Кызматтык өзгөрүүлөргө 2027-жылга карата медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди борборлоштурулган сатып алуулар үчүн билдирмелерди туура эмес жана өз убагында түзбөгөн жетекчилерге карата тартиптик чаралар көрүлгөнү себеп болду.
Министрликтин жыйынынын жыйынтыгы боюнча чаралар












