2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына карата 2906 майыптыгы бар жаран санаторийдик-курорттук дарыланууну пайдаланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Дарыланууну алган жарандар

674I топтогу майыптар
2013II топтогу майыптар
219III топтогу майыптар

Дарылануу үч санаторийдик-курорттук мекемеде жүргүзүлдү. Эң көп бейтап “Көк Ысык-Көл” санаториясында дарыланган, жалпы саны 1950 адам.

  • К.Мамакеев атындагы санаторияда 726 адам дарылануу курсунан өттү
  • “Воронцовка” санаториясында 230 адам калыбына келтирилди

Эмгек министрлиги келечекте да санаторийдик дарылоого мүмкүнчүлүгү жок жарандарды камсыз кылуу үчүн профильдүү мекемелер менен келишимдерди улантууда.

2026-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин негизинде жалпы 3251 санаторийдик-курорттук жолдомо сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Кыргыз курортология жана реабилитация институту (санаторий “Воронцовка”) менен 687 орунга, К.Мамакеев атындагы санаторий-профилакторий менен 2564 орунга келишим түзүлгөн.