2026-жылдын 24-ноябрында өткөн Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында медициналык уюмдардын ишиндеги маселелер каралды. Негизги себеп — «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу борборлоштурулган тартипте сатып алынуучу дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга 2027-жылга карата өтүнмөлөрдү түзүүдөгү каталар болду.

Минстрлик боюнча маалыматка ылайык, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген өтүнмөлөрдө көптөгөн так эмес маалыматтар жана каталар аныкталган. Ошондой эле, өтүнмөлөр белгиленген мөөнөттөрдө берилбегендиктен, министрлик зарыл болгон дары-дармектерди мониторингдөө, сатып алуу жана жеткирүү мөөнөттөрүн бир нече жолу жылдырууга аргасыз болгон.

Текшерүү учурунда 2027-жылга карата борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруу тартибинин бузулушу аныкталгандиктен, жооптуу жетекчилерге жана кызмат адамдарына тартиптик чаралар көрүлө тургандыгы белгиленди.