Иш-чарага мамлекеттик органдардын, БУУнун түзүмдөрүнүн, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, илимий мекемелердин жана саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Стратегияны иштеп чыгуунун актуалдуулугу жугуштуу эмес оорулардын калктын ден соолугуна тийгизген олуттуу таасири менен шартталган. Кыргызстанда катталган өлүмдөрдүн жалпы санынын 83 пайызы ушул оорулардын үлүшүнө туура келет.

  • жүрөк-кан тамыр оорулары
  • онкологиялык оорулар
  • өнөкөт респиратордук оорулар
  • кант диабети

Бул оорулардын негизгилери — жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар, өнөкөт респиратордук оорулар жана кант диабети.

Стратегиянын негизги багыттары

Сунушталган стратегиянын долбоору төрт негизги багытты камтыйт:

  1. тобокелдик факторлорунун жайылышын азайтуу
  2. баштапкы медициналык-санитардык жардамды жана коомдук саламаттык сактоо кызматын чыңдоо
  3. эпидемиологиялык көзөмөл жана мониторинг системасын өнүктүрүү
  4. ведомстволор аралык кызматташууну жана оорулардын алдын алуу чараларын туруктуу каржылоону күчөтүү