Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча келечектеги чаралар каралат.

Талкуу учурунда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Президенттин Администрациясынын маалыматы боюнча, жыйындын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлушу мүмкүн. Алардын ичинде Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы, ошондой эле ЖККУнун 25 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 35 жылдыгына карата иш-чаралар планы бар.