Бишкекте Ички иштер министрлигинин 102 жылдык мааракеси белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы милиция кызматы ар кимдин эле колунан келе бербеген кесип экенин айтып, ал жогорку адеп-ахлактык сапаттарды талап кыларын белгиледи. «Ар бир кызматкер өз милдетин кынтыксыз аткарып, кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатып, коом алдындагы жоопкерчилигин терең сезиши керек», — деди ал.

Президент акыркы алты жылда мамлекет ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарды жаңылоого, кызматкерлердин социалдык шартын жакшыртууга жана заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

1-декабрдан тарта эмне өзгөрөт?

  • 1-декабрдан тарта ИИМ кызматкерлеринин айлык акысы жогорулайт.
  • Ардагерлердин пенсиясы да көбөйөт.
  • 102 жылдык мааракенин урматына 102 жаңы унаа берилет.
  • Өлкө боюнча 42 жаңы аймактык ички иштер органдарынын имараты ачылат.
  • Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо уланат.
Сотрудник милиции — профессия, доступная далеко не каждому
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекет башчысы техникалык жабдуу жана социалдык колдоо кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгү менен айкалышы керектигин баса белгиледи.

Эске салсак, быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 102 жыл толду.