Министрлер кабинети жапайы өсүмдүктөрдү чогултуу, даярдоо жана ташуу боюнча жаңы тартипти расмий түрдө бекитти.

Жаңы документте колдонууга уруксат берилген түрлөрдүн тизмеси жана аларды чогултуу боюнча талаптар белгиленген.

Өкмөт бул өзгөрүүлөрдү биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу максатында киргизгенин билдирди.

Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жаңы тартипке ылайык чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле жаны бекитилген эрежелер күчүнө киргенге чейин 2011-жылдан бери колдонулуп келген эски жобо өз күчүн жоготот.

Бул эски эреже жапайы өсүмдүктөрдү, анын ичинде илимий максатта алуу, ошондой эле дары-дармек жана тамак-аш өсүмдүктөрү менен козу карындарды чогултууну жөнгө салчу.

Жаңы жобо он күндөн кийин расмий күчүнө кирет.