Банандын импортунун жалпы көлөмү натуралдык түрдө 22,9%га өсүп, 31 миң тоннага жетти. Өткөн жылы бул мезгилде Кыргызстан 25,2 миң тонна бананды 20,76 млн долларга сатып алган.

25,03млн доллар (жалпы импорт)
31миң тонна (жалпы көлөм)
20,5%өсүү көрсөткүчү

Эквадор өлкөсү банан жеткирүүчү негизги өлкө бойдон калууда. Андан 18,4 млн долларга 23,5 миң тонна продукция киргизилди, бул өткөн жылга караганда 3,2%га жогору.

Кытай жана Россиядан импорттун өсүшү

Бул мезгилде Кытай жана Россия тараптан банан алып келүү көрсөткүчтөрү кескин өзгөрдү. Кытайдан импорт 4,5 эсе өсүп, 3,32 млн доллар жана 4,5 миң тоннаны түздү. Россиядан келген продукциянын көлөмү 1,9 эсе көбөйүп, 2,99 млн долларды, ал эми тонна менен өлчөнгөндө 2,9 эсе өсүп, 2,8 миң тоннага жетти.

Банан импортунун негизги өлкөлөрү

  • Эквадор18,4 млн доллар
  • Кытай3,3 млн доллар
  • Россия3,0 млн доллар

Улуттук статистика комитети

Банан импортунун негизги өлкөлөрү
Эквадор18,4 млн доллар
Кытай3,32 млн доллар
Россия2,99 млн доллар