Чүй облусунун Московский районундагы Ак-Торпок айылында 200 гектардан турган индустриалдык-логистикалык парк куруу пландалууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун аймакка жасаган иш сапары учурунда маалымат берилди, - деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Президентке Московский районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана ишке ашырылып жаткан же келечектүү инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат берилди.

Ишке ашырылган ири ишканалар

Акыркы жылдары райондо бир нече ири ишканалар курулган. Алардын ичинен төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:

410 млнБай Элим Компани инвестициясы
40жумуш орду
4,375 млрдТулпар Моторс инвестициясы
100жумуш орду
450 млнАк-Суу асыл тукум чарбасы инвестициясы
145жумуш орду

Учурдагы инвестициялык долбоорлор

Азыркы учурда райондо бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири — 1,2 млрд сомду түзүүчү Ак-Суу бассейнинин декаддык жөнгө салуучу курулушу. Бул курулуш бүткөндөн кийин 2 048 гектар айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кылат.

  • Балыктар үчүн тоют чыгаруучу "Радуга Корм" заводу (437,5 млн сом).
  • Кичи ГЭСтер (жалпы инвестиция — $40 млн).
  • Геосинтетикалык цемент-композициялык каптамаларды чыгаруучу ишкана ($20 млн).
  • "Таштан" фермердик чарбасы ($4 млн) жана "Кыргызцентрпродукт" ишканасы ($3 млн).

Жаңы курула турган индустриалдык парк аймактын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, болжол менен 350дан 500гө чейин жаңы жумуш орундарын түзөт.