Россияда үчүнчү класстар үчүн басылып чыга турган «Адабият окуу» китебинде Александр Пушкиндин «Кышкы кеч» ыры кыскартылган. Ырдын ичинен акының тарбиячысына кайгырып, ичимдик ичүү сунушталган төрт саптык бөлүгү алынып салынган.
Бир окурмандар баласы мектепте ыр жаттоосун башталганда гана окуу китебиндеги өзгөртүүнү байкашканын билдирди. Окуу китебинде ырдын кыскартылган варианты берилгени көрсөтүлгөн.
Документтен
«Федералдык мыйзам «Балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө» балдар арасында алкоголь ичүү каалоосун ойготуучу маалыматтарды таратууга тыюу салат»
«Просвещение» компаниялар тобунун басмаканасы РБК агенттигине берген маалыматына ылайык, окуу китебин даярдоо учурунда мыйзам талаптары эске алынат. Алар балдар үчүн маалыматтар алкоголдук продукцияны колдонууга үндөбөшү керек экенин белгилешкен.
Басмакананын өкүлдөрү көркөм чыгармаларды кыскартуу окуу китептерин даярдоодо колдонулган кадимки тажрыйба экенин кошумчаланы.






