Кыргызстанда үчүнчү класстардын окуучулары үчүн «Табигый илимдер. Мен жана дүйнө» аттуу окуу китептеринин экинчи бөлүгү 178 512 нускада басылып чыкты.

Бул окуу китептердин ичинен 103 миңден ашууну кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн, ал эми 75 миңге жакыны орус тилинде окуган мектептерге арналган.

Мурда биринчи бөлүгү ушунчалык эле тираж менен чыгарылып, жалпыга 3-класстардын эки бөлүк окуу китептери 357 024 нускада даярдалган.

Окуу китептери жакын арада республика боюнча мектептерге жеткириле баштайт.

12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен 1-9-класстарга физика, химия жана биология сабактарын бириктирген «Табигый илимдер» деген интеграцияланган предмет киргизилүүдө.

1-класстан 10-класска чейин бул предмет окутулуп, ал эми 10-12-класстарда профильдүү адистештирүү менен ар бир илим боюнча сабактар өзүнчө окутулат.