Мектеп окуу китептерин базарларда сатуу менен байланышкан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди. Тергөө иштеринин маалыматтары жана себептери азырынча купуя бойдон калууда.

Буга чейин «Дордой» соода борборунда «Учкун» типографиясы тарабынан чыгарылган китептер сатылып жаткандыгы белгиленген. Типографиянын өкүлдөрү бул китептерди Билим берүү жана илим министрлиги үчүн басып, аларды аймактарга жеткирип жатышат деп айтышкан. Ошол эле учурда, мекемеге жеке мектептердин буюртмасы менен окуу куралдарын чыгаруу укугу берилгендиги белгилүү. Бирок, китептердин чындап эле жеке окуу жайлар үчүн басылып жатканын текшерүүчү катуу көзөмөл механизми жок экендиги аныкталган.

По ситуацияции вокруг продажи учебников на рынках страны возбуждено уголовное дело
Суйунбек Омурзаков, Жогорку Кеңештин укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул маселе боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине текшерүү жүргүзүүнү тапшырган. Учурда базарлардан окуу китептери жоголуп кеткендиктен, ата-энелер балдарына китеп таба албай жаткандыгын айтып, нааразычылык билдирип жатышат.