Чолпон-Ата шаарында электроэнергиянын керектелиши акыркы суткада бекитилген лимиттен 100 пайызга ашты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн пресс-конференцияда энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымдады.
Министр белгилегендей, мындай кырдаалга туристтик сезондун активдешүүсү жана акыркы күндөрдө абанын жогорку температурасы себеп болду.
«Иссык-Көл областына, өзгөчө Чолпон-Ата шаарына атайын мамиле кылынат жана электроэнергия менен камсыздоо тыкыр көзөмөлдө турат. Туристтик сезондогу абалды жакшы түшүнүп, аталган аймакка өзгөчө көңүл бурулуп келет», — деди Алтынбек Рысбеков.
Министр кошумчалагандай, өлкөнүн башка аймактарында электр энергиясынын өчүрүлүшү көбүнчө оңдоо иштерине байланыштуу болсо, Иссык-Көлдө оңдоолор туристтик сезондон мурда же кийин жүргүзүлөт.
Электроэнергияны керектөөнүн лимиттерин аныктоо тартиби тууралуу да маалымат берди: «Биз өндүрө ала турган энергиянын көлөмүн жана керектөө деңгээлин эсептеп чыгып, ошол негизде лимиттерди бекитет», — деп түшүндүрдү министр.


