Президенттин тапшырмасы боюнча Жайыл районунун тургунуна жаңы паспорту тапшырылды. Бул тууралуу Turmush корреспонденти акимдикке шилтеме берүү менен билдирди.
2026-жылдын 11-ноябрында Динарахон Маткеримовага жаңы документти Жайыл районунун Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору (МККБ) тарабынан берди.
Буга чейин аталган жаран паспортту алмаштыра алган эмес. Мунун себеби анын никеге тургандыгы тууралуу акттык жазуунун жоктугу болгон. МККБ кызматкерлери тиешелүү жазууну калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууну сунушташкан.
Бирок бул процесс узарып кеткен. Маалыматтарга ылайык, адвокаттардын иш-аракеттеринен улам аял соттук процесске катыша албай, нике тууралуу жазууну калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон соттун чечимин ала алган эмес.
Акырында паспорт алуу маселеси чечилип, Динарахон Маткеримова жаңы документине ээ болду.









